маанилүү Саясат

Алмазбек Атамбаев жумуш сапары менен Кытайга барды image Фото: president.kg

6 Янв, 2017 562

Президент Алмазбек Атамбаев 5-январда жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасына учуп барды.

 Сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. 

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин олуттуу маселелерин, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири тармагы боюнча өз ара аракеттешүүнүн болочок пландарын талкуулашат.

 Ошондой эле эки тараптын кызыкчылыктарына тиешеси бар эл аралык жана регионалдык маанидеги маселелер боюнча пикир алмашышат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1