Маанилүү Ден соолук

Гематология менен онкология борборлору бириктирилет image

6 Янв, 2017 1065

Гематология борбору менен Улуттук онкология борбору бириктирилет. Муну негиздеген токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул документ эки борбордун башкаруу тутумуна кеткен чыгымды кыскартат. Ал акча кайра эле түздөн-түз оорулууларды дарылоого багытталат. 

Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоо жүргүзгөндө 2014-жылы 2006-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 13 млн 200 миң сомго жогорулаган. 

Мына ушуга окшогон көрүнүштөрдөн улам, эки борбор бириктирилип, Улуттук онкология жана гематология борбору деп аталмай болду.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1