http://www.ktrk.kg/Борбор калаадагы “Эмен багында” балдар үчүн сүрөт тартуу мастер-классы өткөрүлдү

Борбор калаадагы “Эмен багында” балдар үчүн сүрөт тартуу мастер-классы өткөрүлдү

7 Янв 2017 , 18:10 2603

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада “Эмен багы” атуу галереяда балдар үчүн сүрөт тартуу боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Кичинекей сүрөтчүлөр сангина, пастель жана бор менен тартканды үйрөнүп, боёк, графика жана аппликация менен иштөө сыяктуу көркөм техникалары менен таанышты. Мастер-класстын жүрүшүн кийинки материалда көрүңүздөр.

Мастер-класстын жүрүшүндө балдар улуу сүрөтчү Леонардо да Винчинин чыгармачылыгы менен таанышты. Болочок сүрөтчүлөргө анын өмүр баяны, чыгармачылыгы жана сүрөт тартуу техникалары тууралуу сабактар өтүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара баланын аң-сезимин өстүрүүгө, ошондой эле чыгармачылыкка болгон кызыгуусун жаратууга багытталган.

Мастер-класс сүрөт тартуу ишмердүүлүгүнүн педагогу Ольга Дунганованын автордук методикасы боюнча даярдалды. Анын айтымында “Ар бир катышуучу сабактан кийин жакындарын чыныгы шедевр менен кубандыра алат,”.

Мындан сырткары улуу да Винчинин күйөрмандары “Механизмдер жана учуу” аттуу Квест оюнун ойноп, атактуу сүрөтчү калтырган механизмдин сырларын ачууга мүмкүнчүлүк алды.

Новости по дате