http://www.ktrk.kg/Кыргызстандан 3-команда  “КиВин-2017” фестивалына катышат

Кыргызстандан 3-команда “КиВин-2017” фестивалына катышат

9 Янв , 16:22 1282

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сочиде 10-23-январда  “КиВин-2017”  аттуу КВНдын  XXVIII - Эл аралык  фестивалы өтөт. Ага  катышуу үчүн Мекенибизден үч команда сапар тартты.  Алар: «Позитифф», «Элдин балдары» («Жарайт Сити»)  жана  «Дипломаттар» командасы.

 Тандоо туру 11-январда башталат. Ал эми биринчи турдун жыйынтыгы 15-январда белгилүү болот.

Эскерте  кетсек, КВНдын 17- Эл Аралык  фестивалына  640-команда катталган. Ал эми Мекендештерибиздин  ийгиликке жетиши үчүн, аларга Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү, “Азия MIX” командасы көмөк  көрсөтөт.

Ал эми оюндун жабылыш аземинде  “Азия MIX” командасынан эң күлкүлүү юморлор тартууланат. 

Новости по дате