Маанилүү Экология

Ош шаарын жашылдандырууга даярдык иштери башталды image Фото: KTRK/videograp

10 Янв, 2017 692

Быйыл Ош шаарынын көчөлөрүнө 1,5 миллион түп гүл тигилет. Мындан сырткары, тротуарлардын жээктерине ийне жана жазы жалбырактуу дарактардан 6 миң түбү да отургузулат. Бул аракеттерди шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынан кабарлашты. 

Ал үчүн комбинаттын карамагында жалпы аянты 7 миң 500 чакырым аянтка ээ 13 күнөсканада зарыл болгон аракеттин баары көрүлүүдө. Азыркы тапта, жол жээгине тигилүүчү дарактардын ордуна даярдык көрүлүүдө. Ал эми, дарактарды сатып алууга атайын тендер жарыяланган. 

Комбинаттан билдиргендей, мына ушул тендерге коротулган убакыт маселеси шаар ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу ишин бир топ артка тартып келет. 

Өткөн жылы комбинат, калаа ичине 1 миллион түп гүл тиккен. Мындан сырткары, аймактагы баш-аягы 40 ка жакын эс алуучу жайларга дагы дарак, менен гүлдөрдүн көчөттөрү тигилет.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1