http://www.ktrk.kg/5-майда толук санарипке өтөбүз

5-майда толук санарипке өтөбүз

11 Янв , 15:11 1010

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2017-жылдын 15-майында Кыргызстан толугу менен санариптик телерадиоуктурууга өтөт. 

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн жыйында маалым болду. 

Премьер-министр санариптик телерадио берүүгө өтүү - эң алгач маалыматтык коопсуздук жана жарандардын маалымат менен камсыз болушу үчүн маанилүү деп белгиледи. 

Быйылкы жылдын 15-майында санариптик телеберүүгө толугу менен өткөрүлөрүн айткан маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова учурда калктын 95 пайызы санарипке өткөнүн билдирди. 

Эгерде санарипке өтсөк, өкмөттүн токтому менен бекитилген 13 телеканалды өлкөдөгү бардык аймактын тургундары көрө алаарын билдирди.




Новости по дате