Маанилүү Коом

Ош: окуучуларды албай, суукта жол караткан айдоочулар image Фото: KTRK/videograp

11 Янв, 2017 5480

Чоң киши араң чыдаган кыштын ызгаар суугунда аялдамаларда маршруттук каттамдарды күтүп турган окуучулар. Буларды маршруттук микроавтобус айдаган сараң айдоочулар албай кетет. 

Айласы кеткен балдар ыймандуу же топуктуу айдоочуну бир саатка чейин күткөнгө аргасыз. Анткени, жол акысы үчүн 1 сомдон берген он окуучуга караганда, 10 сомдон төлөөчү беш чоң жүргүнчүнү алуу айрым айдоочулар үчүн маанилүүдөй.

Айдоочулардын орой мамилесинен улам жол караган окуучулар сабактан да кеч калат. Мына ушунун өзү эле, келечек муундун укугуна, алардын эркин өсүшүно балта чаап жатканын адистер белгилейт.

Коомдук транспортту тескөөчү мекеменин өкүлү мындай жагдайлар орун алган учурда, жабырлануучу тарап ошол кичи автобустун мамлекеттик номурун, айдоочусун, кайсыл учурда болгондугун тастыктап атайын арыз менен кайрылышы зарыл экен.

Ош облусттук патрулдук милиция бөлүмү берген маалыматка караганда, жыл сайын жол кырсыгына ар кандай себептер менен кабылып, көз жумган өспүрүмдөрдүн өлүмү көбөйүүдө. Буга, албетте, балдарды албай, аларга орой мамиле кылган айдоочулардын да кыйыр да болсо тиешеси бар.

Ал ортодо кыштын ызгаар суугуна карабай «боорукер» айдоочуну күтүп саргая күткөн мектеп окуучуларынын жагдайы оңолуп кеткен жок. Демейде баланын укугун коргойлу деп бардыгыбыз кооз сүйлөйбүз. Бирок тийиштүү жетекчиликтер мындайды көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1