Экономика

Ысырапкорчулукка тыю салуу улуттук каада-салтка каршы келбейт image

3 Март, 2016 2478

Ысырапкорчулукка тыю салуу улуттук каада-салтка каршы келбейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөң "Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт" деген аталыштагы тегерек отурумда айтылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга коюлган  "Кыргызстанда салт, салтанат жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууга алынды. Иш-чарага, Парламент депутаттары, маданият жана коомдук ишмерлер менен этностук коомдук бирикмелер катышты.

Демилгечи депутаттардын бири Сайдулла Нышанов мыйзам долбоорунун зарылчыгына токтолду. Аза-күтүү каада-жөрөлгөлөрүн актырууда айрым жарандар карызга мал алып союуп чыгым болуп төлөй албай калган учурлары көп кездешет. Калктын аялуу катмары кыйынчылыкта жашап жатканда, мамлекеттик кызматкерлер, атка миээрлер миңдеген долларларды чачып, аш-той өткөзүп жатканы туура эмес көрүнүш дейт эл өкүлү.

Мыйзам долбоору Парламент тарабынан колдоо тапса, тушоо кесүү, сүннөт, үйлөнүү тою 100-150дөн көп эмес адамдын катышуусу менен өтүп,  кийит, белек берүүгө тыюу салынат. Үлпөт тойдо бештен ашпаган автоунаа  колдонушу керек. Кыргызстан Ассамблея элинин кеңешинин төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимов, ысырапкорчулукка тыйуу салуу маселесин бир канча жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келет. Мунун менен аш-тойлорго тап-такыр тыйып салынбайт, болгону ашыкча чыгымдар азайтуу аракети экендигин коомчулук туура түшүнүүсү керек дейт.

Сөөк кою зыйнатында бодо мал түгүл кой-эчки да союлбайт жана аза күткөн тарапка акча, буюм берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, ар кандай каада-жөрөлгөлөрдө улак тартыш, күрөш сыяктуу спорттук мелдештерди өткөрүү менен жөнү жок акча чачууга да тыйуу салган мыйзам азырынча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга гана тишелүү. Мыйзамдын жоболорун сактабаган тарап жоопкерчиликке тартылат. Маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллардан ашуун каражат коротот. Ал эми ысырапкорчулукка тыйуу салуу улуттук каада-салтка каршы келбейт дейт депутаттар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз