Происшествия

Чаткалда дайынсыз жоголгон эки кишинин биринин сөөгү табылды image Фото: www

2 Июль, 2018 3885

Мындан 10 күн мурда унаасы менен чыгып кетип, дайынсыз кеткен Чаткал районунун эки жашоочусунун биринин сөөгү табылды. Буга чейин Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана жеке буюмдары табылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда 22-июнда Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жол айылынын 23 жана 21 жаштагы тургундары "Daewoo Matiz" үлгүсүндөгү унаасы менен үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбей, издөөгө алынган болчу. 

1-июлда саат 15:00дө 21 жаштагы жигиттин сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Экинчи жаранды издөө иштери улантылууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз