Политика

“Качкындар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилүүдө image

18 Фев, 2020 293

Өткөн жумада ЖогоркуКеңеште качкындар жаатындагы маселелерди жөнгө салууга укуктук негиздерди түзүү максатында иштелип чыккан “Качкындар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 215 качкын бар. Анын басымдуу көпчүлүгү Сирия, Афганистан, Ирак жана Украинадан баш баанек сурагандар саналат. Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардыгы 2019-жылы 71 миллион кишинин үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгонун жана жеринен мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн саны рекорддук деңгээлде жеткендигин жарыялады.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз