Наука и образование

Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды image Фото: KTRK/videograp

6 Март, 2020 1611

Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коңшу мамлекет 2020-2021-окуу жылдарына карата кыргызстандыктар үчүн беш гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат, экөө магистратура программалары.

"Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өздөрү тандайт. Министрлик документтерди 10-апрелге чейин кабыл алат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз