Мир

Түркмөнстанда дарыгерлер коронавирус жуктуруп алганы маалым болду image

16 Июнь, 2020 1394

Түркмөнабад ооруканасында иштеген медайымдын экинчи жолу тапшырган анализи да анын COVID-19 жуктуруп алганын аныктады. Аталган медициналык мекеме пандемия башталгандан бери биринчи жолу атайын коргоочу кийимдерди алды.

Өткөн аптада жергиликтүү басылмалар Лебап облусунун саламаттык сактоо башкармалыгындагы булагына таянуу менен көп профилдүү ооруканада иштеген анестезиолог медайымдан вирус аныкталганын билдирген. Мындан соң ал үй-бүлөсү менен бирге карантинге алынган. Клиника кызматкерлери ыраттуу түрдө тест тапшырууда, бирок азырынча жыйынтыктары айтыла элек.

Ал ортодо Ашхабаддагы инфекциялык оорукана карантинге жабылып, медицина кызматкерлери клиниканын ичинде кармалууда. Аларга телефон колдонууга да уруксат берилген жок.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз