Мировые новости

Казакстанда коронавирустан каза болгондорду эскерип, Улуттук аза күтүү күнүн өткөрүп жатышат image

13 Июль, 2020 320

Казакстандын эли бүгүн коронавирустан каза болгондорду эскерип, Улуттук аза күтүү күнүн өткөрүп жатышат. Коңшу өлкөнүн шаарларында мамлекеттик туу түшүрүлдү. Каза болгондорго багышталып мечиттерде куран окутулат. Казакстанда коронавирустан биринчи болуп 26-мартта Акмоло облусунун Косшы айылынан 64 жаштагы аял каза болгон. Мекемелер аралык комиссия өлкөдө бул илдеттин курмандыгы болгондордун саны 375ке жеткенин маалымдады. 

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза болгондорду эскерип Улуттук аза күтүү күнү деп белгилеп, казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган. Ушуну менен Казакстан эгемендикке ээ болгондон бери тогузунчу жолу Улуттук аза күтүү жарыяланды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз