Экономика

Бензин баасы кымбаттады image

14 Дек, 2016 3785

Өлкөдө бензин баасы 1 сомго кымбаттады. Мунай ташуучулар ассоциациясы билдиргендей, 12-декабрдан тартып Аи-80, Аи-92 жана Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 1 сомго, дизель майы 50 тыйынга көтөрүлгөн.

 Мындай кымбаттооолор  Орусиянын мунай заводдорундагы дүң баанын өсүшү менен шартталууда. 

Адистердин айтымында, бензин баасы мындан ары дагы 10 пайызга чейин жогорулоосу күтүлүүдө. 

Учурда бааны көзөмөлдөө саясатында аракеттер көрүлүп жаткандыгын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги айтат.  


Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз