Тарыхтын татаал ашуулары: Ала-Тоону айланган бүркүттөр

2979

Ала-Тоону айланган бүркүттөр Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жыйырма биринчи жылын тынч, бейпил болду деп айтууга болбойт. Ар жерлерде, ошондой эле Ак үй алдында митингдер менен пикеттер дагы эле тынбай өтүп жатты. Бирок көбүнчө катуу зилзаладан кийин күчү улам солгундаган майда термелүүлөрдү элестете баштаган эле.