http://www.ktrk.kg/Түштүк аймакта 3-апрель күнү күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түштүк аймакта 3-апрель күнү күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

4 Апр 2018 , 9:34 1087

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-апрель күнү өлкө аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Кытай мамлекетинин аймагында болуп, кубаты 6 баллга жеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө аймагында жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон, Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.



Новости по дате