http://www.ktrk.kg/Нарында жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду

Нарында жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду

19 Июнь 2018 , 6:49 3300

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, 1 киши каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Миң-Булак айылынын аймагында 18-июнда, кечинде катталган. 

Түнкү 11лер чамасында ар кандай жаракаттар менен 8 адам Нарын облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Алардын экөөсү беш жаштагы балдар. 49 жаштагы аял тез жардам келгенге чейин кырсык болгон жерден жан берген. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Новости по дате