http://www.ktrk.kg/Аламүдүн: баткак жолдон эл кыйналып бүттү

Аламүдүн: баткак жолдон эл кыйналып бүттү

14 Фев , 16:17 124

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнө караштуу Озерный айылынын Балыкчы көчөсүнүн жолу тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келген. Автордун айтымында, Жолдун баткагынан көчөгө балдарыбызды чыгара албай калдык. Мектептеги балдарыбыз белчегине чейин баткак болуп келет. Айыл өкмөткө канча бардык, маселени чече албай койду. Шагылды төктүрүп берсе деле, акчасын берет элек. Такыр иштебейт,- деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате