http://www.ktrk.kg/Хубэй провинциясында коронавирус жуктургандардын саны 3 күндөн бери азайган

Хубэй провинциясында коронавирус жуктургандардын саны 3 күндөн бери азайган

16 Фев , 13:17 1036

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын оору жайылган Хубэй провинциясында коронавирус жуктурган учурлар үч күндөн бери азайып жатканын РИА Новости жазды. 

Провинциянын саламаттык сактоо комитети 12-февраль күнү биринчи жолу ооруну аныктоонун жаңы ыкмасын колдонгон. Мындан улам бир сутканын ичинде жуктуруп алгандардын саны өсүп, 14 840ка жеткен. 

13-февралда 4 823кө чейин түшүп, эртеси 2 420 болсо, 15-февраль күнү 1 843 учур катталган. Жаңы ыкмада дене табы жогорулап, жөтөлүп, күйүгүп, дем алганы оорлошкон адамдын нуклеин кислотасына тапшырган тести оң натыйжа бербеген учурда деле бейтаптардын тизмесине киргизүү каралган. Жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп кетишинин себеби да ушунда экени айтылды.





Новости по дате