http://www.ktrk.kg/Бишкек: Фатьянов көчөсүнүн талкаланган асфальт жолу

Бишкек: Фатьянов көчөсүнүн талкаланган асфальт жолу

22 Фев , 13:58 174

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

.

Бишкек шаарындагы Фатьянов көчөсүнүн жолунун тамтыгы чыгып, асфальт талкаланып бүткөн. Жолдун мындай абалынан айдоочулар тажап бүтүшкөн.

Чуңкурчаларды бир нече жолу шагыл менен толтурушкан, бирок аны менен эле маселе чечилип калган жок. Бул көчөдө унаа каттамы үзулбөйт. №29 гимназия мектеби да дал ушул көчөдө жайгашкан. Жолдун бир тарабында тротуар жок. Күз-кыш мезгилинде көчө балчыкка батат, ал эми жайында чаң. Бишкек шаарынын мэрине канча кайрылдык , бирок жыйынтыгын көрбөй келебиз,- деген шаар тургуну "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате