http://www.ktrk.kg/Чет өлкөдө окууга кыргызстандыктарга жалпы 547 бюджеттик орун бөлүндү

Чет өлкөдө окууга кыргызстандыктарга жалпы 547 бюджеттик орун бөлүндү

4 Март , 14:37 1018

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Беларусь, Венгрия, Кытай, Латвия, Россия, Казакстан жана Тажикстан 2020-2021-окуу жылдарына билим алуу үчүн кыргызстандыктарга жалпы 547 бюджеттик орун бөлдү. 

Ага министрлик 2019-жылдын аягында сынак жарыялаган. Маалыматка ылайык, бул орундардын басымдуу бөлүгүн 350дөн ашуунун Россия Федерациясы бөлгөн. Тандоо шарты, керектүү документтер жана сынак боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Новости по дате