http://www.ktrk.kg/ИИМ: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

ИИМ: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

16 Март , 13:37 347

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бишкекте жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган. Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Короновирус келгендиги, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматты “Instagram” социалдык тармагы аркылуу тараткан аял кишинин өздүгүн такташып, ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы тургуну болуп чыккан. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат. Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткан фактылар болсо ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.


Новости по дате