http://www.ktrk.kg/ИИМ: Өлкө боюнча 78 адам тартип бузган

ИИМ: Өлкө боюнча 78 адам тартип бузган

6 Апр , 11:39 432

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

5-апрель саат 20:00дөн тартып 6-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 78 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 66, Ош шаары боюнча - 2, Жалал-Абад шаары - 6, Сузак району боюнча - 2, Кара-Суу районунда - 2 адам кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. 

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен чыгарылды. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 1944 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Новости по дате