http://www.ktrk.kg/Бет кап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт

Бет кап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт

26 Май , 9:40 847

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук унааларда бет кап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын бет кап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү керектигин өзгөчө белгиледи. Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди. Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, Республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.

«Бүгүн, 25-майдан тарта экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл»,-деди Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Новости по дате