http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад: “Түндүк” системасы жумуштун бардыгын жеңилдетти - Кыргызстан жаңылыктары

Жалал-Абад: “Түндүк” системасы жумуштун бардыгын жеңилдетти - Кыргызстан жаңылыктары

4 Июнь , 23:00 695

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптештирүүнүн алкагында бир катар кызматтардын тейлөөсү электрондошуп, эл түйшүгүн жеңилдетүүдө. Маселен, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына социалдык төлөм алуу үчүн документ тапшырган жарандар мурда бир нече кызматтан маалымдама кагазын чогултуп убара болчу. Эми бардык маалымат “Түндүк” системасы аркылуу алынат.

Калы Калыков Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кызына жөлөк пул алуу үчүн документ тапшырууга келген. Жумушун бүтүргөнү көп деле убакыт кеткен жок. Ал буга чейин адистерден керектелүүчү документтер боюнча маалымат алган. Жөлөк пулга ташыруу үчүн өзүнүн пасторту, кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган аймагынан маалымдама гана берди. 

Жарандар мурда жөлөк пулга документ тапшырууда 10дон ашуун кызматтан тактама кагазын өздөрү чогултуп келишчү. Ар бир маалым катты 50 сомодон 200 сомго чейин төлөп алышчу. Анын өзү эле социалдык муктаж адамдардын капчыгына бир топ оор болчу дешет. Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын түйшүгү жеңилдеп, ашыкча убаракерчилик менен чыгым кыскарды. “Түндүк” системасы жумуштун бардыгын жеңилдетти.


Новости по дате