http://www.ktrk.kg/COVID-19: Кыргызстандагы соңку кырдаал - 07.07.2020

COVID-19: Кыргызстандагы соңку кырдаал - 07.07.2020

7 Июль , 10:15 2134

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

- 7 бейтап  COVID-19 инфекциясынан каза болду.

- Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду.

- СOVID-19  инфекциясынын жаңы 450 учур катталды.



Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 73 бейтап:


 Бишкек ш. – 29

 Чүй облусу – 8

 Ош ш. – 17

 Ош облусу – 10

 Баткен облусу – 2

 Жалал-Абад облусу – 4

 Талас облусу – 3



Республика боюнча жалпы 2916 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.



Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);

Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);

Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);

Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);

Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);

Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);

Жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү.



Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 10 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 224 адам. 


2020-жылдын 7-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 450 учур катталды:

️ Бишкек ш. – 229

️ Чүй облусу - 84

️ Ош ш. - 32

️ Ош облусу - 23

️ Жалал-Абад облусу - 47

️ Баткен облусу - 10

️ Ысык-Көл облусу - 13

️ Нарын облусу - 11

️ Талас облусу - 1

Республика боюнча: 8141


Жаңы катталган 450 учурдун ичинен:


Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 450 адам (100%).

️ 

Ден соолугуңузду тобокелге салбаңыз!

️ Адамдар көп чогулган жерлерге барбаңыз!

️Үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгыңыз!

️Беткап тагынуу тартибин, аралыкты жана гигиена эрежелерин так сактаңыз!


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.



2020-жылдын 7-июлуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 8 141 учурга жетти.

 Стационарда – 602, алардын ичинен реанимацияда – 21

 Үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 524

 Ооруканадан чыгарылды – 2 916

 Каза тапты – 99


Новости по дате