http://www.ktrk.kg/Кыйноолорго каршы күрөш боюнча бир айлык жарыяланды

Кыйноолорго каршы күрөш боюнча бир айлык жарыяланды

22 Июнь 2016 , 4:52 1714

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыйноолорго каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата бир катар иш чаралар белгиленет. Бул тууралуу Кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча түзүлгөн Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. 1987-жылы 26-июнда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз жазалоого каршы БУУнун Конвенциясы күчүнө кирген. 

Конвенцияны кабыл алган өлкөлөр мындай жазаларды колдонууну тыюуга макулдугун билдирип тим болбостон, аларды тааныбашы керек. Улуттук борбордун маалыматы боюнча аларга келип түшкөн арыздардын дээрлик 80 пайызы милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазылган. 

“Кыйноолорго каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата биз бир айлык жарыялаганбыз. Анын алкагында Баткен жана Жалал-Абад облустарында болдук. Баткенде убактылуу кармоочу жайларда орун жок болуп, толуп калган”, - дейт Нурдин Сулайманов. 

Мындан сырткары психиатриялык ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана интернаттарда кыйноо учурлары көп кездешери айтылып келет. Эми бул датага карата өлкөнүн Акыйкатчы институту менен кыйноолорду жана зомбулукту алдын алуу боюнча Улуттук борбору биргелешкен иш чараларды уюштурат.

Новости по дате