http://www.ktrk.kg/Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медаль утту

Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медаль утту

12 Июнь , 16:17 1125

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат. Жуманазарова 68 кг салмакта алгач польшалык, кийин украиналык спортчуларды жеңип жарым финалга чыкты. 

Жарым финалда франциялык кызга утулуп, коло үчүн күрөшүүтү. Үчүнчү орун үчүн кармашууда кыргызстандык спортчу канадалык Даниэль Сюзанна Лаппажды 3:1 эсебинде утуп алды. Варшава шаарында 8 - июнда башталган мелдеш 13-июнь күнү аяктайт.

Новости по дате