http://www.ktrk.kg/Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн 47 борбор ачылды

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн 47 борбор ачылды

14 Июль , 11:30 256

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, эмдөө жайлары жарандарды 13-июлдан тарта кабыл ала баштады. Вакцина алгысы келген адамдын жанында паспорту болушу керек. Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Эмдөө жайларынын даректери:

 №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору;
 Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункту;
 "Аэропорт" авиашаарчасы;
 "Алмалык", "Пятилетка", "Сулайман-Тоо", "Озгур", "Беш-Калпак" ФАПтары;
 Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак айылдарындагы ФАПтар;
 Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептер;
 Ош шаарынын борбордук базары, "Фрунзе" жана "Келечек" кичи базарлары;
 "Глобус", "Фрунзе" дүкөндөрү;
 Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада ачылды.

Новости по дате