http://www.ktrk.kg/Өлкөнүн олимпиадалык курама комадасынын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков

Өлкөнүн олимпиадалык курама комадасынын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков

18 Июль 2021 , 23:05 322

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тарыхта биринчи жолу жылдырылып калган жайкы олимпиаданын башталышына саналуу күндөр калды. Аталган оюнда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн спортчулар бир нече даярдыктарды көрүштү. Эми алар талап боюнча мелдештер өтө турган Токио шаарына 5 күн мурда барууга тийиш. 

Өлкөнүн олимпиадалык курама комадасынын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков. Дал ушул спортчу Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат.

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасын кабыл алып, өлкө желегин Атабек Азисбековго тапшырды.

Министрлер кабинетинин Төрагасы курама команда Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышуусун каалап, бүткүл өлкө жан-дили менен күйөрмандык кыларын белгиледи. Ошондой эле курама команданын спортчулары үчүн байге фонду түзүлгөнүн кошумчалады. Алсак, Токиодогу Олимпиадада жеңишке жеткен спортчуларга – 10 млн сомдон, күмүш медаль үчүн – 7 млн сом, коло медаль үчүн 5 млн. сом каралган.


Министрлер кабинетинин Төрагасы (спортчунун акчалай сыйакысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы, улук жана жеке машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы, биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы төлөнөт. Медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сый акы төлөнөт.)
 

Чоң мелдеште бул байгелерди багындырган спортчулардын аттары тарыхта калып, жалпы муун сыймыктанары шексиз. Албетте, спортчулар Олимпиадалык курама командага кошулганга чейин көп жолду басып өтүштү. Биринчи жолу ок атуу боюнча Олимпиадага аттанган Каныкей Кубанычбекова Кыргызстандын намысын коргоо үчүн буга чейин талыкпастан аракет кылган. Кубанычбекова 2020-2021-жылдагы Кыргызстан кубокторунун лидери. 2017-жылы эл аралык Intershot турниринде коло медаль алган. Өспүрүмдөрдүн ок атуу боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу. Алдыдагы оюнда дагы ийгилик жаратарына ишенет.

Мындай оюндарда жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулардан учубуз кур эмес. Анын башында дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, мындан кырк жыл мурда Москвада өткөн дүйнөлүк олимпиадада алтын уткан Каныбек Осмоналиев турат. Дал ушул сыймыктуу аксакал өлкөнүн курама командасын кубаттап, ак батасын берди.

23-июлда баштала турган оюнга 17 спортчу барары айтылган. Кийинчерээк жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага катышуудан баш тартканы белгиленди. 37 жаштагы спортчу жеңил атлетика менен 20 жылдан бери машыгып келет. Буга чейин Пекин, Лондон, Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадаларга катышкан.

ХХХII жайкы олимпиадада өлкөнүн курама командасы спорттун жети түрү боюнча мелдешке чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча - Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков.
 Эркин күрөш боюнча - Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев.
 Кыздар күрөшүнөн - Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы.
 Дзюдо боюнча - Владимир Золоев.
 Оор атлетикадан - Бакдөөлөт Расулбеков.
 Фехтование боюнча - Роман Петров.
 Ок атуу боюнча - Каныкей Кубанычбекова.
 Сууда сүзүү боюнча - Денис Петрашов.
 Жеңил атлетикадан - Дария Маслова менен Нурсултан Кеңешбеков.

Аталган спортчулардын ар бири ийгиликтерди багындырышкан. Эркин күрөш боюнча 22 жаштагы Эрназар Акматалиев 32-жайкы Олимпиадага жолдомону быйыл апрелде Казакстанда Азиялык квалификациялык мелдеште уткан. Эркин күрөш боюнча дагы бир балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмактагы категорияда күрөшөт. Доха шаарында өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль тагынган. 2015-жылы спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча Кыргызстандын мыкты спортчусу аталган. Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде жарым финалда жеңишке жетип, коло байгелүү болгон. 2016-жылы Рио олимдиадасына катышып, биринчи турда утулуп, 15-орунду ээлеген. 

Грек-рим күрөшү боюнча 3 балбан өлкө намысын коргойт. Бири 60 килограмм салмактагы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган. Акжол Махмудов болсо Азия чемпионатындагы алтындын ээси, Үзүр Жусупбеков дагы Азия чемпиону. 

Ал эми, дзюдо боюнча Владимир Золоев 81 килограммдык салмакта Азиянын учурдагы чемпиону. Ал эми, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарына кирет. 

Роман Петров фехтование боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 23 жашка чейинки спортчулардын арасында 2014-жылы Азия чемпиону атыккан. Мындан сырткары, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 

Денис Петрашов алдыдагы олимпиадага катыша турган кыргызстандык жалгыз суучул. Ал сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңген. Ал 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке чыгат. Эске салсак, Петрашов 2016-жылы Бразилияда өткөн олимпиадага катышкан. 

Ал эми, Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону. Дагы бир жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков жазда Иранда өткөн эл аралык «Имам Реза 1-Кубогундо» алтын жана коло медалдарга ээ болгон. Ошондой эле, Беларусиядагы чемпионатта алтын уткан. 

Ал эми, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы кыздар күрөшүнөн байгелерди багындырган кыргыздын кыраандары. Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болуп, Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы дагы Алматыда өткөн азиялык квалификациялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алышкан. 

Өлкө намысын коргоочулар олимпиаданын ачылыш аземине адаттагыдай өзгөчө кийим менен чыгышат. Айрым мамлекеттер параддык кийим тиктиргенге жетишкен жок. Пандемиядан улам болору арсар болуп турган оюндун өтө турганы май айында гана жарыяланган. Тез аранын ичинде Улуттук олимпиада комитети ата мекендик мода үйүнө Кыргызстан менен Япониянын достугун, биримдигин чагылдырган форма даярдатты. 

Башка мамлекеттердин формасынан айырмаланган параддык кийимди өлкөнүн курама командасы салтанаттуу аземде гана кийишет. Спортчулардын андан башка дагы 2 формасы болот. Бирин машыгууга барганда кийишсе, кийинкиси атайын беттештер үчүн даярдалган. Аларга белгилүү компаниялар демөөрчү болушту. 

Бул арада соц.тармактарда Токиодогу Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземинде салттуу параддан баш тартышканы жарыяланган. Бирок, муну улуттук олимпиада комитети төгүндөдү. Учурда оюнга бара турган спортчулар кийиминен өйдө кылдат даярданып, саламаттыгына өзгөчө көңүл бөлүп жатышат.

Эске салсак, олимпиада оюндары 4 жылда бир өткөрүлүп турат. 32-жайкы олимпиада 2020-жылы Токиодо өтүшү керек болчу. Оюн пандемиядан улам жылдырылып калган. Ири мелдеш кайсы убакта өтсө дагы өлкөнүн курама командасы олжо менен кайтса деп күтөт мекендештер.

Новости по дате