Жаңылыктар
28 , Фев, 9:02 610

Венгер кытайлык клуб сунуштаган ири суммадагы контрактан баш тартты

image

Англиянын лондондук «Арсенал» клубунун башкы машыктыруучусу Арсен Венгер кытайлык клуб сунуштаган ири суммадагы контрактан баш тартты. Бул тууралуу "Зе Телеграф" жазып чыкты. Арсен Венгер эгер бул макулдашууга барганда жылына 35 миллион евро, дүйнөдө эң көп маяна алган машыктыруучу болмок.

Венгер лондондук клуб менен азырынча кош айтышпай турганын, команда менен келишимди узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөрү айтылган. Венгер Арсеналдан кеткен күндө деле Европадан чыкпай турганын айтканы бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз