Кыздар арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын экинчи туру башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты. Бирок, мелдеш качан өтөрү азырынча белгисиз. Тиешелүү буйрукка 4-мартта Спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов кол койгон.
Оюндар 9-13-мартта 8 команданын катышуусунда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлмөк. Оюндар дүйнөгө тараган коронавирустан улам жылдырылган.