Жаңылыктар
4 , Авг, 13:49 1269

Акжол Махмудовго күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 млн сом берилет

image

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Махмудовго күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 млн сом берилет. 

Ошондой эле Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Махмудовдун жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат. Жалпысынан мамлекет Махмудовдун күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.


15 млн 725 миң сом


Акчалай сыйлыктын ээлери:


- Акжол Махмудов — 7,5 млн сом;


- Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2 млн 225 миң сом;


- Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1 млн 875 миң сом;


- Жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 1 млн 875 миң сом;


- Биринчи машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев — 750 миң сом;


- Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;


- Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз