Жаңылыктар
4 , Авг, 15:47 672

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Олимпиадада АКШлык спортчу менен таймашат

image

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында АКШлык балбан менен күрөшөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясы билдирди. 

Бүгүн эркин күрөш боюнча эң оор, 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чучу кулак тартылды. Айаал Лазарев эртең, 5-августта, мелдештин чейрек жарым этабында америкалык Гейбл Стивесо менен күрөшөт. Оюндар 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз