Жаңылыктар
23 , Янв, 15:36 2376

Нарын шаарында хоккей аянтчасы ачылды

image

Нарын шаарында эл аралык талаптарга жооп берген, заманбап хоккей аянтчасы ачылды. Ташболот Токтосунов атындагы спорт ордосун куруу иштери 2015- жылы башталып, жалпысынан 600 миң доллар каражат сарпталган. Буга чейин жайык жерлерге кышкысын муз тоңдуруп машыгып жүргөн Теңир тоолук хоккейчилер эми, эл аралык мелдештерди багындырабыз деп турушат. 

Нарындын хоккей командасы буга чейин жайык жерге муз тоңдура коюп машыккан күндөрү да болгон. Ошентсе да Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын негизин түзүп келишкен. Эми заманбап хоккей аянтчасынан дүйнөгө аты чыккан хоккейчилер чыгат деп ишенип турушат. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда