Жаңылыктар
6 , Июнь, 9:47 1502

13-июнда Индия-Кыргызстан курамаларынын беттеши болот

image

Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Индия-Кыргызстан курама командаларынын беттеши орун алат. Оюн 13-июнда Индиянын Бенгалор шаарында өтөт.

Футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, аталган беттешке Валерий Кичин чыкпайт. Анткени ал жаракат алган. Анын ордуна “Алай” футбол клубунун коргоочусу Акрам Умаров чакырылды. Футболчулар 5-июндан тарта машыгуу сборун өтө башташты.

Кыргызстан курама командасына чакырылган оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачы: Павел Матяш ("Мазия" ФК, Мальдив аралдары), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").

Коргоочу: Тамирлан Козубаев, Тахир Авчиев ("Дордой"), Акрам Умаров ("Алай"), Виктор Майер ("Эммен", Голландия), Ильяз Алимов ("Алай"), Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата"), Азамат Байматов ("Аль-Риффа", Бахрейн).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата"), Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан), Эдгар Бернхардт ("Роденхаузен", Германия), Ислам Шамшиев, Мирлан Мурзаев, Павел Сидоренко ("Дордой"), Муролимжон Ахмедов, Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Талгат Бектур уулу ("Черчилль Бразерс", Индия), Антон Землянухин ("Сухотай", Таиланд).

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой").

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз