Жаңылыктар
17 , Июнь, 14:58 1195

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

image

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Кытайдын Тайчжун шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде жаштар арасында чемпион болду.

Жуманазарова 67 килограммга чейинкилер арасында күч сынашып, финалга чыккан. 

Бул үчүн спортчу кыз Кытай, Монголия жана Вьетнамдан келген атаандаштарын жеңди. 

Финалдык таймашта Жуманазарова өзбекстандык Бактыгүл Балтаниязованы 10:0 эсеби менен утуп алды.  Эске салсак, бул медаль Азия биринчилигинде Кыргызстандын куржунундагы алтынчы байге. Мелдештин биринчи күнү Акжол Махмудов Азия чемпиону болуп, Жоламан Шаршенбеков менен Калидин Асыкеев күмүш байгеге жеткен. 

Ал эми Туран Шаршенбеков менен Роман Ким — коло медалды багындырышты. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз