Жаңылыктар
12 , Июль, 20:43 309

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн өкмөт башчы сыйлады

image

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья Маслова, Адилет Кыштабеков жана алардын машыктыруучулары дагы сыйланышты. Спортчуларды премьер-министр Сооронбай Жээнбеков татыктуу жеңиши менен куттуктап, премьер-министрдин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлады. 

Эл аралык турнир Индиянын Бхубанешвар шаарында болуп өткөн. Дарья Маслова 5 миң жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло медалга 10 миң метр аралыкка чуркоодо Кыргызстандын курамасынан Адилет Кыштабеков ээ болду. 

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппараты менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тапшырды.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз