Жаңылыктар
10 , Окт, 12:32 503

Бүгүн Мьянма-Кыргызстан курамалары беттешет

image

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 10-октябрда Азия Кубогу-2019дун төртүнчү тандоо турунун беттешин өткөрөт. Александр Крестинин башында турган Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасы менен беттешет. Оюн Мьянманын мурдагы борбору Янгон шаарында өтөт. Кыргызстандын футбол федерациясынын билдиришине караганда, оюн уюштуруучулардын суранычы менен 1 саатка жылдырылып, Бишкек убактысы менен саат 18:30 башталат. Аталган оюнду КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.

Эскерте кетсек, аталган командалар арасында беттештин 3-чү туру 5-сентябрь күнү Бишкек шаарында өтмөк. Бирок, беттешүү теракт коркунучунан улам болбой калган. Учурда командалар үчтөн упай топтоп, турнирдик таблицада экинчи орунда турушат

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз