Жаңылыктар
11 , Нояб, 9:20 792

Ак илбирсти сактоого спортчулар да өз салымын кошууда

image

Дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү ак илбирстин тукумун сактап калуу үчүн аракет кылып жаткандардын катарында спорт чеберлери да бар. 

Алар Бишкекте ак илбирсти сактап калууга арналган тай боксу боюнча турнир өткөрүшүүдө. Мелдешке 7ден 9 жашка чейинки Бишкек жана Чүй облусунун мектеп окуучулары катышууда. Иш-чара эки күнгө созулуп, жаш мушкерлер 21ден 35 килограмм салмактык категорияда күч сынашат. 

12-ноябрь күнү оюндун финалдык беттешүүсү өткөрүлөт.

"Эки жумадан кийин өспүрүмдөр арасында турнир өткөрөбүз, андан кийин тажрыйбалуу мушкерлердин таймашы болот. Кызыктыруу максатында жагымдуу белектерди камдадык. Жаш балдар мушташып жатканда, ортодогу калыс алардын ден соолугу жабыркашына жол бербейт. Себеби денеси ооругудай жаракат алса, кийин катышпай, туура эмес багытка бурулуп кетиши мүмкүн."-деп билдирди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Елена Шевченко.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз