Жаңылыктар
10 , Янв, 16:00 1489

Кыргыз лыжачылары кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышты

image

Кыргыз лыжачылары Евгений Тимофеев, Тариэл Жаркымбаев кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн биатлон боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Левданский маалымдады. Маалыматка ылайык, 2017-жылы Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча 5 мелдешке катышкан. 

Бул мелдештердин жыйынтыктары Олимпиадалык квалификациялык баага кеткен. Алар Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиада, Азия оюндары, Орусиянын ачык чемпиондугу, Италия жана Казакстанда өткөн эл аралык мелдештер. "Кышкы Олимпиада оюндарында Жаркымбаев кыска аралыкка жарышка чыгат", - деп билдирди Левданский. 

21 жаштагы Тариэл Жаркымбаев 2017-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиадада өлкөнүн курама командасынын капитаны болгон. Айта кетсек, бул жылы кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөт. "Ага Кыргыз мамлекети спорттун эки түрү боюнча катышат. Буга чейин Түштүк Кореяда өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргыз мамлекетинен жолдомону лыжачы Евгений Тимофеев да алган", - деп кошумчалады Левданский.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз