Жаңылыктар
18 , Янв, 15:36 305

Азия чемпионатында эң көп байге алган кыргыз балбандары кимдер?

image

Бишкек шаарында 27-февралдан баштап 4-мартка чейин экинчи ирет мырзалар жана айымдар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Кыргызстандын спортчулары биринчи жолу Азия чемпионатына 1993-жылы (Моңголиянын Улан-Батор шаары) катышкан. Аталган турнирде жаштар арасындагы Европанын 2 жолку чемпиону Кенжебек Өмүралиев 5-орунга ээ болсо, айымдар курамасынын учурдагы машыктыруучусу Нурбек Изабеков төртүнчү болгон.

Ошол мезгилден бери кыргызстандык балбандар чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарында ар кандай даражадагы 104 медалды багындырды. Алардын ичинен эң көп сыйлыкка ээ болгондордун катарын Раатбек Санатбаев жана Айсулуу Тыныбекова толуктайт. Спортчулардын эсебинде бештен байге — 2ден алтын, 2ден күмүш жана 1ден коло медаль бар.

Р.Санатбаев 1995-жылы Филиппиндеги биринчи Азия чемпионатында финалга чейин жетип, бирок казакстандык спортчудан утулуп калган. Ал 1996-жылы Кытайдагы турнирде коло медаль алып, 1997-жылы күмүш медалды багындырган. Спортчу 1999-жылы Өзбекстандагы Азия чемпионатында биринчи жолу чемпион болгон. Ал бир жылдан кийин Кореяда чемпиондук наамын коргоп калган эле.

Р.Санатбаев өзү катышкан беш Азия чемпионатынын бардыгында медалдарга ээ болгон.

Ал эми, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионаттарына 7 ирет катышып, анын бешөөндө байгелүү орундарга жетишти.

Балбан кыз 2013-жылы Индияда коло медалды багындырып, ошол мезгилден бери байгелүү орундарды алып келет. Ал 2014-жылы Казакстанда жана 2015-жылы Кореяда 2-орунду ээлеген.

А.Тыныбекова 2016-жылы Тайландда Азия чемпиону болгон. Буга чейин кыргызстандык спортчу айымдар Азия чемпиону наамын алган эмес. Ал 2017-жылы өзүнүн чемпиондук наамын коргоп калды.

Ал эми, Жанарбек Кенжеев Азия чемпионаттарында 6 медаль (2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло) утуп алса, Данияр Көбөнов 4 медалга (2 алтын жана 2 күмүш) татыктуу болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз