Жаңылыктар
20 , Фев, 13:38 400

Бишкек шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтөт

image

27-февралдан 4-мартка чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда (Бишкек шаары) чоңдор арасында спортук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, айымдар күрөшү) боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Континенталдык биринчиликти жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин төрагалыгы астында ведомстволор аралык уюштуруу комитети түзүлгөн.

Бириккен күрөш Дүйнөсүнүн (UWW) жана спорттун күрөш боюнча Азия кеңешинин (AAWC) жыл сайын өтүүчү жыйынында 2016-жылы 16-февралда Кыргызстан мелдеш ээси деп табылган. Бирок 2017-жылы Бириккен күрөш Дүйнөсү (UWW) талапкерлердин тизмесине Бангкок (Таиланд) шаарын да киргизет. Ошол эле жылдын август айында Парижде (Франция) Бириккен күрөш Дүйнөсүнүн конгресси өтүп, анда Кыргызстан 2018-жылы Азия чемпионатын өткөрүүчү мамлекет катары аныкталган.

Азия чемпионатында 38 мамлекеттин балбандары күч сынашат. Бүгүнкү күндө 24 мамлекет катышууга билдирүү берди. Арыздарды кабыл алуу мелдеш башталаарына бир апта калганда токтойт.

Кармаштар ар бир күрөштүн түрүндө он салмактык категория боюнча жүрөт (55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130). Жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулат.

Мелдешке мыкты даярдануу максатында күрөштүн үч түрү боюнча тең курама командалар окуу машыгуу иштерин өткөрөт. Биринчи машыгуулар жыл башында уюштурулган. Грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандар Ысык-Көлдүн жээгинде даярдыктан өтсө, айымдар Бишкек шаарында машыккан. Мелдеш алдындагы машыгууларды грек-рим жана эркин күрөшчүлөр Казакстандын Тараз шаарында өткөрүштү, ал эми айымдар күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө машыгууда. Мындан сырткары спортчулар ар кандай эл аралык мелдештерге катышты. Грем-рим жана эркин күрөш боюнча балбандар Иранда өткөн “TAHTI CUP” эл аралык мелдешинде өз күчүн сынаса, айымдарыбыз Иван Ярыгиндин гран при мелдешинде өнөр көрсөттү.

Азия чемпионатын өткөрүүгө бюджеттен Мамалекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан 20 миллион сом каралган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чоңдор арасында күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатын биринчи жолу кабыл алып жаткан жок. 2007-жылы Бишкек күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатын кабыл алып, жогорку деңгээлде өткөрө алган.Ошол кездеги спорттук күрөш боюнча Эл аралык федерациянын президенти Рафаэль Мартинетти мырза буга чейин өткөрүлгөн 20 Азия чемпионатынын ичинен Бишкектеги эң мыкты болгонун белгилеген.

2007-жылдагы Азия чемпионатында биздин спортчулар 8 медал утуп алууга жетишкен: 4 алтын, 4 коло.

Спорттук күрөш боюнча ХХ Азия чемпионатында Кыргызстан курамасынын жыйынтыгы:

Эркин күрөш:
Базар Базаргуруев (60 кг чейин) – «алтын»
Алексей Крупняков (96 кг чейин) – «алтын»

Айымдар күрөшү:
Яна Панова (72 кг чейин) – «коло»

Грек-рим күрөшү:
Канат Бегалиев (66 кг чейин) – «алтын»
Данияр Кобонов (74 кг чейин) – «алтын»
Руслан Туменбаев (60 кг чейин) – «коло»

Жанарбек Кенжеев (84 кг чейин) – «коло»
Нурбек Ибрагимов (120 кг чейин) – «коло».

Кошумча маалымат:

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 1979-жылдан бери өткөрүлөт. Алгач эркектер гана күрөшкөн. Айымдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Азия чемпионатындагы утулуп алган медалдардын саны боюнча Иран мамлекети көч башында турат. Экинчи орунда Япония, ал эми алдыңкы үчилтикти Түштүк Корея толуктайт. Бул тизмеде Кыргызстан тогузунчу орунда турат. Биздин кураманын капчыгында 84 медаль бар. Анын ичинен 13-алтын, 22-күмүш жана 48-коло байге.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз