Жаңылыктар
22 , Фев, 10:33 1459

Бүгүн мекендешибиз Тимофеев Кышкы Олимпиада оюндарында слалом боюнча мелдешке катышат

image

Бүгүн кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүп жаткан кышкы олимп оюндарында слалом боюнча мелдешке катышат. 

Өлкө намысын коргогон тоо лыжачы 18-февралда гиганттык слалом боюнча 109 спортчунун арасында таймашып, 63-орунду алган болчу. 

Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу барган. 13-февралда лыжачы Тариэл Жаркымбаев классикалык стилдеги спринтердик жарышта 78-орунду ээлеген.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз