Жаңылыктар
12 , Март, 10:59 176

Ак-талаалык 4 өспүрүм эркин күрөш боюнча өлкө биринчилигинде күч сынашат

image

Ак-Талаа районунун 4 өспүрүм балбаны эркин күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги үчүн күч сынашууга даярданып жатышкандыгын Тайлак баатыр балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин 4 окуучусу — Акыл Керимжанов, Жумаалы уулу Калданазар, Бакытбек уулу Кайрат жана Алихан Билимбеков 12 күндөн бери Бишкек шаарында даярдыктарды көрүп, мыкты машыгуулардан жана даярдыктардан өтүп жатышат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз