Жаңылыктар
12 , Март, 11:03 255

Жээнбеков украиналык Проценкону жеңип, чемпион аталды

image

Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков WEF версиясынын кулатуу боюнча оор салмактагылар арасында чемпиондук курун жеңип алды.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кулатуу боюнча WEF Global 11 турнири өттү. Анда 93 кг жогорку салмактагылар арасындагы беттешке Тилек Жээнбеков менен JFC версиясынын украиналык чемпиону Юрий Проценко чыкты. Жээнбеков күч сынашуунун алгачкы мүнөттөрүндө эле таамай соккулары менен үстөмдүк кыла баштаган. Проценко болсо атаандашын жерге кулатуунун айласын издеп жатты. Беттештин аяк жагында Анатолий Козырев рингге жүз аарчы ыргытып, өзүнүн шакирти утулуп калгандыгын мойнуна алды.

Жыйынтыгында Тилек Жээнбеков WEF версиясынын чемпиондук курун тагынды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз