Жаңылыктар
16 , Март, 9:10 782

Баткенде Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулат

image

17-мартта Баткен шаарында көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу Баткен шаардык Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жумабай Токсобаев билдирди.

Маалым болгондой, бул мелдеш жыл сайын Нооруз майрамына карата уюштурулуп, ага 100дөн ашык улакчылар катышып келет. Быйылкы мелдешке шаардык мэрия тарабынан 120 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан да баалуу белектар камсыздалган. Көк бөрүгө кошуна өлкөлөрдөн келгендер да катышса болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда