Жаңылыктар
13 , Апр, 13:18 515

Ысык-көлдүк А.Кочкунбаева дзюдо боюнча өлкө биринчилигинде чемпион болду

image

Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча өткөн өлкө биринчилигинде дзюдочу Кочкунбаева Алина алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун башкы машыктыруучусу Елена Исакова билдирди.

Анын айтымында, жаштар арасында өткөн дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилигинде Алина Кочкунбаева 48 кг салмакта мелдешке түштү. Ал баардык атаандаштарын жеңип, алтын медель тагынды.

Чемпион болгон дзюдочу кыз учурда эл аралык мелдештерге катышууга даярданып жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз