Жаңылыктар
27 , Апр, 4:15 1049

Элдик репортёр: Россияда кыргыздардын спорт залы ачылды

image

Россияда кыргыз күрөшү боюнча машыгуучу зал ачылды. Бул тууралуу Элдик репортёрго Ниязбек Исаков кабарлады. Анын жазгандарын өзгөртүүсүз беребиз.

“Мен Исаков Ныязбек Туратбекович. Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Жаңы жол айыл өкмөтүнүн Койташ айылынын тургунумун. Бишкекте Дене тарбия жана спорт академиясын 2009-жылы бүтүргөм. 3 жыл Дене тарбия академиясында улуттук күрөштүн ага машыктыруучу болуп иштегем. Азыркы учурда Россиянын Тюмень шаарында эмгектенебиз. Биз Россиянын Тюмень шаарында жашап эмгектенип жүргөн кыргыз жигиттери үчүн кыргыздын улуттук күрөш залыначканбыз, бир жарым ай болду балдардын саны күндөп өсүүдө. Биздин башкы максат, кыргыз спортун башка улуттарга таанытуу,жана ошону менен бирге кыргыз жаштарын спорттко тартуу, ичкиликтен, жаман жолдон, чеккенден алыстаттуу, башка өлкөлөргө кыргыз күрөшүн таанытуу. Башкы машыктыруучу өзүм Исаков Ныязбек Туратбекович”.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда