Жаңылыктар
31 , Май, 11:26 1432

Самбо боюнча республикалык биринчилик өттү

image

Каракол шаарындагы 6-класстын окуучусу самбо боюнча өткөн республикалык биринчиликте күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Нурлан Түлөкабылов билдирди.

Маалым болгондой, Каракол шаарындагы облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Айдар Имашов Жангарач бийдин кубогу үчүн болгон ачык биринчиликте 2-орунду алган. Айдар 45 кг салмакта ат салышкан. Ал өз салмагында Каракол шаарынын чемпиону болуп саналат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз